Линктер

жума, 27-апрель, 2018 Бишкек убактысы 14:34

Ирактын аскер жетекчилери АКШ колдогон Ирак күчтөрү Мосулдун эски бөлүгүн "Ислам мамлекети” террорчул тобунан тазалап жатканын билдирди.

“Биз Тигр дарыясынан бир нече метр гана алыстыкта турабыз. Ирак күчтөрү тездик менен алдыга жылууда”, - деп билдирди Ирак армиясынын бригадалык генералы Йехия Расул.

Генералдын билдирүүсүнөн мурда Ирактын мамлекеттик телеберүүсү өкмөттүк күчтөр Мосулду толугу менен көзөмөлгө аларын жарыялаган.

“Ислам мамлекети” тобунун жоочулары Мосул шаарын 2014-жылдын июнь айында басып алган. Ошол жылдын 29-июнунда топтун жолбашчысы Абу Бакр ал-Багдади Мосулдун эң башкы ал-Нури мечитинен алар Ирак менен Сириядагы ээлеген аймактарында “халифат” түзүшкөнүн жарыялаган.

Быйыл 29-июнда Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади “халифаттын” күнү бүткөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG