Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

G-20: Украинадагы абал талкууланды


“Чоң жыйырманын” саммити, Гамбург
“Чоң жыйырманын” саммити, Гамбург

Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери Гамбургда өтүп жаткан “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында жолугушту. Владимир Путин, Эммануэл Макрон жана Ангела Меркелдин сүйлөшүүсүнүн башкы темасы Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салууга арналды.

Германия тарап, үч өлкө лидери Донбасстагы ок атууну токтотуунун маанилүү экенин белгилегенин кабарлады.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Минск келишиминин аткарылбай жатканына тынчсыздануу айтылып, тараптар бул жаатта ишин улантары белгилүү болду.

Үч өлкө жетекчилери жакын арада Украинанын президенти Петро Порошенконун катышуусу менен “нормандиялык форматта” телефон аркылуу маселени талкуулоону макулдашты.

XS
SM
MD
LG