Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:58

2017-жылдын июнь айына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 243 долларды түздү. Бул быйылкы жылдын март айына салыштырганда 83 миллион долларга көп. Каржы министрлигинин маалымдашынча, мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыз 3 млрд 868 млн долларды, ал эми ички карыз 375 млн долларды түзөт.

Кыргызстан карыз болгон уюмдардын башында Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы турат. Аталган банктан 1,56 млрд доллар карыз алынган. Бул тышкы карыздын 40,5% түзөт.

2016-жылы мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 57,7% түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн 20,7 млрд сом сарптаган. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG