Быйылкы жылдын алгачкы жарым жылында Бажы кызматы бюджетке 14,9 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул сан былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 14,1 пайызга же 1,8 миллиард сомго көп.
Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин кирешелери салык жана бажы төлөмдөрүнөн түзүлөт.
Быйылкы жылдын бюджетинин кирешелери 126, 8 миллиард сом, чыгашасы 150.1 миллиард сом деп эсептелген. Ортодогу тартыштык 23.3 миллиард сомду түзөт. (BkA)