Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:05

Трамп Путин менен санкцияларды талкуулабаганын айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. 07.7.2017. AFP.

АКШ президенти Дональд Трамп Германиянын түндүгүндөгү Гамбург шаарындагы "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында өткөн Орусиянын лидери Владимир Путин менен жеке жолугушуусунда санкциялар тууралуу сөз болбогонун билдирди.

"Менин Путин менен болгон жолугушуумда санкциялар талкууланган жок. Сирия менен Украина маселелери чечилмейин эч нерсе ишке ашпайт!" - деп жазды Трамп 9-июлда Твиттердеги баракчасына.

Жарым саатка пландалып, 2 саат 15 мүнөткө созулган бул жолугушууда АКШ менен Орусиянын президенттери Украинадагы жаңжал, Сириядагы согуш, глобалдык терроризм, киберкоопсуздук жана эки тараптуу маселелер тууралуу талкуулаганы кабарланган.

Трамп бир нече ирет Москва менен алаканы оңдоого чакырганы менен, анын администрациясы Орусиянын Украинанын Крым жарым аралын басып алуусу жана бул өлкөнүн чыгышындагы жаңжалга аралашканы үчүн Кремлге басымды күчөтүп, ага каршы санкцияларды катаалдатууга үндөп келет.

Ишемби күнү президент Трамп журналисттерге “жолугушуу абдан жакшы өттү” деп айтса, Путин Кошмо Штаттардын лидери менен көзмө-көз кездешкенине кубанычта экенин билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG