Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Ысык-Көлдө жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды


Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жол кырсыгында төрт адам каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка караганда, кырсык 9-июль күнү Тоң районунун Оттук айылынын батыш тарабында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун 12-чакырымында болгон.

Катуу ылдамдыкта келаткан "Субару" жана "Стрим" үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышып, үч адам жеринде жан берген. Алардын арасында катуу жаракат алган "Субару" унаасынын айдоочусу ооруканада эсине келбей жатып көз жумган. Бул факты боюнча Тоң райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү экспертизалык иштерди жүргүзүп жатат.(AsM)

XS
SM
MD
LG