Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:35

Тоң районунда "Тескей Жээк" деп аталган этнофестивал болот


Уюштуруучулардын маалымдашынча, иш-чара 15-июлда "Манасчылар үйүндө" өтөт. Фестивалда "Салбуурун" оюндары, элдик оозеки чыгармачылык, кыргыздын түрдүү улуттук оюндары жана каада-салттары конокторго тартууланат. Мындан тышкары кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган буюм-тайымдардын, улуттук тамак-аштардын жармаңкеси болот.

"Тескей Жээк" этнофестивалы быйыл алгачкы жолу өтүп жатат.

Кыргызстанда жыл сайын түрдүү тематикадагы маданий иш-чаралардын саны арбып баратат. Эксперттердин белгилөөсүндө мындай иш-чаралар ички-тышкы туризмди өнүктүрүү менен бирге элет элинин жашоосун жакшыртууга себеп болот.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG