Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Орусия ЕБны "саботажга" айыптады


Орусиянын энергетика министри Александр Новак.
Орусиянын энергетика министри Александр Новак.

Орусия 10-июлда "Түндүк агым- 2" газ кууру жана башка Европадагы энергетикалык долбоорлоруна каршы иштерди "саботаж" деп айыптады.

Стамбулда өткөн Дүйнөлүк мунай конгрессинде сүйлөп жатып, Орусиянын энергетика министри Александр Новак жакынкы жылдары энергияга болгон суроо-талап өсөрүн, мындан улам саясат ага тоскоол болбошу зарыл экенин баса белгиледи.

- Соңку убакта биз инфраструктураны өнүктүрүүгө каршы уюштурулган жасалма чектөөлөр, энергия булактарынын жасалма тандоолоруна дуушар болуп келебиз. Биз ачык саботажга туш болуп жатабыз, - деди ал.

Орус газын Германияга Балтика деңизинин түбүндөгү куур аркылуу жеткирүү долбоорун Берлин кубаттаганы менен, Польша каршы чыккан.

АКШ президенти Дональд Трамп жакында эле Американын суюлтулган газын Чыгыш Европага сатууну сунуштап, бул Орусиянын газына караганда коопсуз энергия булагы экенин айткан. Новак мындай билдирүүлөр дүйнөлүк соода эрежелерин бузарын билдирди.

XS
SM
MD
LG