Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:16

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Дональд Трампка Миссисипи штатында адам өлүмү менен коштолгон учак кыйроосуна байланыштуу көңүл айтты. Мамлекет башчынын телеграммасында адам өлүмү менен коштолгон кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алганы белгиленип, жалпы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан кыйроодо набыт болгондордун жакындарына көңүл айтуусун билдирген.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

10-июлдун кечинде АКШнын Миссисипи штатында аскерий учак кулап, борттогу 16 киши набыт болгон. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG