Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 11-июлда америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Президент АКШнын биринчи ишкер миссиясына Кыргызстанга келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле алардын сапары өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлору Кыргызстан менен кызматташууга кызыгып жатканынан кабар берерин белгиледи. Суроолорго жооп берип жатып президент Атамбаев "Кыргызстан ишкерлик үчүн бейишке айланууда, инвестиция салып, ачык жана таза иштеп, көп акча табууга мүмкүн боло турган эркин өлкө болуп калды" деди.
Мамлекет башчы ошондой эле америкалык ишкерлер менен эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
11-июлда Бишкекте Кыргызстан жана АКШнын бизнес форуму башталган. Форумга Кошмо Штаттардан AGCO, Baker & McKenzie, General Electric, AES, Mobilized Construction, Coca-Cola жана башка ири компаниялардын өкүлдөрү катышууда.
Бизнес форумду Экономика министрлиги менен Кыргызстандагы Американын соода палатасы (AmCham) уюштурган. (ZKo)