Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Бишкектин айрым райондорунда 12 күн газ болбойт


17-июлдан 28-июлга чейин борбор калаанын айрым райондорунда көгүлтүр от өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, газ оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өчүрүлөт. 12 күн бою Бишкектин түндүк тарабындагы конуштарда, Чоң-Чүй каналынын жээгиндеги үйлөрдө газ болбойт.

Мындан тышкары 13-июль күнү саат 8:00дөн 17:00гө чейин Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жана Сокулук районунда жаратылыш газын берүү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG