Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Кыргызстандагы мыкты мамлекеттик компаниялар аныкталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун байкоочу кеңеши мыкты жана эң начар иштеген компаниялардын рейтингин жарыялады. Изилдөө бир нече категория боюнча жүргүзүлүп, актив, ишмердүүлүк, киреше, чыгашалары эске алынды.

Алдыңкы жетекчилердин катарына “Манас” аба майданынын жетекчиси Эмир Чукуев, “Альфа Телекомдун” башчысы Азат Базаркулов жана “Улуттук энергохолдингдин” төрагасы Айбек Калиев кирди.

Ал эми начар иштеген компаниялардын сап башында “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму”, “Кыргызалтын”, “БМЗ” жана “Айдаркен сымап комбинаты” турат.

Кыргызстанда мамлекеттин үлүшү бар компания жана акционердик коомдордун саны 1130га жетет. Алардын ичинен 166 ишкана гана иштеп жатканы аныкталган.

XS
SM
MD
LG