Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

ЮНИСЕФтин өкүлү Кыргызстанга келди


ЮНИСЕФтин Европадагы жана Борбор Азиядагы өкүлү Афшан Хан 13-июлдан 18ине чейин Кыргызстанда болот.

Аталган уюмдун маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал кыргызстандык балдардын саламаттык сактоо, билим берүү тармагындагы жана коргоого алынуусундагы акыбалды бийлик ээлери менен талкуулайт. Мындан тышкары Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү ортого салынат.

Афшан Хан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын борборлорун, ооруканаларды жана башка балдар мекемелерин кыдырат.
Афшан Хан Кыргызстанга алгачкы жолу келип жатат.

ЮНИСЕФ БУУнун эгидасы менен иштеп жаткан эл аралык балдар уюму. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG