Сокулук районунун Жыламыш айылында көп көлөмдөгү кара куурай өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, айыл тургуну өз сарайынын ичине 7340 түп кара куурайды жашыруун өстүрүп жүргөн. Анын салмагы 1 тонна 200 килограммды түзөт.
Учурда ири көлөмдөгү курамында маңзат бар өсүмдүктү өстүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.(BkA)