Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Араб координациялык тобу Кыргызстанда 10 долбоорду каржылайт


10 долбоор ичинде Талас, Баткен облустарын таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор бар.
10 долбоор ичинде Талас, Баткен облустарын таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор бар.

Араб координациялык тобу Кыргызстанда 10 долбоорду каржылайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим Бишкекте өткөн Араб координациялык тобунун III тегерек үстөлдө кабыл алынды.

Жыйынга кыргыз өкмөтү, Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, Кувейт өнүктүрүү фондунун, ОПЕК Фондунун жана Катар өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышкан.

Аталган координациялык топко жалпы суммасы 631 млн долларды түзгөн 23 долбоорду сунуштаган. Анын ичинен 10 долбоор тандалып алынды. Анын суммасы 357 миллион долларды түзөт.

Анын ичинде Ысык-Көл айлампа жолун оңдоо, Инновациялык медициналык борборду түзүү, Талас, Баткен облустарын таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор бар.

Эми бул долбоорлордун тизмесин координациялык топ бекитип, андан соң каржылоо башталат. (BkA)

XS
SM
MD
LG