Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Жеке менчик лагерлерге көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду


Кыргызстанда балдардын эс алуусу үчүн ачылган жеке менчик лагерлердин үстүнөн көзөмөл күчөтүлөт. Мындай талап өкмөттүн жыйынында коюлду. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова менчик түрүнө карабастан балдар эс алган бардык жайларга тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин тоскоолдуксуз кире алуусу камсыз кылынышы керектигин айтты.

«Республика боюнча жеке лагерлер көп ачылып иштеп жатат. Алар бардык талаптар менен нормаларга жооп бериши зарыл. Себеби кеп балдардын коопсуздугу тууралуу жүрүүдө. Ууланууларды жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Илдеттерди алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин текшерүүлөрүнө эч кандай тоскоолдук болбошу керек" деп белгиледи вице-премьер.

Балдардын жайкы эс алуу жайлары соңку жылдары көп ачылууда. Алардын тейлөө баасы ар кандай.

Ал эми ата-энесинин чамасы жетишпеген балдар үчүн эс алуу мамлекеттин эсебинен уюштурулууда. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жашоосу оор жана жетим 4182 бала бар. Бүгүнкү күндө алардын 426сы эс алды. (RK)

XS
SM
MD
LG