Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:50

Ренат Самудинов КСДПнын курултайына кирбей калды


Ренат Самудинов
Ренат Самудинов

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайына жаш саясатчы Ренат Самудинов "тизмеде жок" деген негизде киргизилген жок. Бул тууралуу ал өзү "Азаттык" радиосуна билдирди жана тизмеге кирүү үчүн катталуу талаптарынын баарын аткарганын айтты.

Курултайда бийликтеги партиянын соңку жылдагы ишмердүүлүгү жана премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин көрсөтүү тууралуу эки маселе талкууланууда.

Партиянын Саясий кеңеши буга чейин талапкер кылып жалгыз Жээнбековду сунуштоо чечимин кабыл алган.

Бирок 11-июлда Самудинов партия президенттикке талапкерди праймериз жолу менен көрсөтүшү керектигин айтып чыккан. Ал мындай сунушун партиянын ичинде бир учурда бир нече адам президенттик кызматка катышууга ниеттенип жатканы менен түшүндүргөн.

КСДП партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов 2007-жылы жаштар канатынын лидери болуп расмий шайланганын 13-июлда өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу видеокайрылууда айткан.

Бирок КСДП партиясынын катчылыгы Самудинов жаштар канатынын лидери эмес жана бул “лидерлик” макамын ал өзүнө өзү ыйгарып алууга укуксуз деген билдирүү тараткан.

Партиянын төрага орун басары Фарид Ниязов курултайдын соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Самудинов делегат катары катталбагандыктан ага киргизилбегенин билдирди. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG