Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:15

КСДПдан премьер менен спикер президенттикке аттанат


КСДПдан премьер менен спикер президенттикке аттанат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00

КСДПнын жетекчилиги партия Сооронбай Жээнбековду гана сүрөөнгө аларын билдирди.

Башкаруучу социал-демократтар партиясынын курултайында президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган иштерди улантарын айткан Жээнбеков үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм деп убада кылды. КСДПнын дагы бир мүчөcү, парламент төргасы Чыныбай Турсунбеков шайлоого талапкерлигин коёрун ишара кылып, партияны реформалоо зарылдыгын айтты.

Социал-демократтар партиясынын курултайына катышкан 670тен ашуун делегат премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Буга чейин анын талапкерлигин партиянын саясий кеңеши жактырып, жалгыз талапкер катары алып чыккан.

Партиянын төрага орун басары Фарид Ниязов Жээнбековдун талапкерлиги социологиялык сурамжылоонун негизинде 12 адамдын арасынан тандалганын, аны саясий кеңеш бир добуштан колдогонун, КСДП талапкерди бир нече адамдын арасынан тандаган жалгыз партия болгонун баса белгиледи.

Ошондой эле Жээнбеков популизмден алыс болуп, жаштарды бийликке тартуу, эл аралык мамилелерди жакшыртууга кошкон салымы жана партияга берилгендиги сыяктуу сапаттары менен тандалып алынганы айтылды.

"Кландык башкарууга жол бербейм"

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Курултайда сүйлөгөн сөзүндө Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган иштерди улантарын, айыл-чарба, туризмге артыкчылык берерин белгиледи.

- Экономиканы өнуктүрүү максатында биз айыл-чарбасына, кайра иштетүү, тигүү, туризм жана кызмат көрсөтүү багытына басым жасоону улантабыз. Бул аракет жумушчу орундарды көбөйтүү, элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу, өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга багытталган. Чакан жана орто бизнеске шарт түзүп, түрткү беребиз. Инвестор үчүн Кыргызстан ыңгайлуу өлкөгө айланат.

Ошондой эле Жээнбеков эгер президент болуп калса, үй бүлөлүк башкарууга жол бербейм деп убада кылды.

- Кландык, жердешчилик, үй бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жол бербейм. Байлыктын кулу болбойм. Элдин кулу болуп кызмат кылып берем.

​"Баарына Турсунбеков жага бербейт, баарына Жээнбеков жага бербейт"

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Курултайда сөз сүйлөгөн парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков партиянын ичинде эч кандай бөлүнүп-жарылуу жок экендигин, тек гана КСДП бир талапкерге көбүрөөк көңүл бөлөөрүн, бул демократиянын белгиси экенин айтты. Ошондой эле спикер партиянын ичинде өзгөрүү болушу керектигин, ага башка күчтөр да көз салып турганын, кызмат үчүн мүчө болуу туура эмес экенин кошумчалады. Ал КСДПга мүчө болгон алты жыл ичинде көп иштер чогуу аткарылганын белгиледи.

- Партиядан ким президент болсо дагы башталган иштерди улантуу керек. Ошол эле учурда эгер биз алдыңкы саясий партия бойдон калгыбыз келсе, партиянын ичинде өзгөртүүлөрдү жасашыбыз керек. Мамлекеттик органдарда, Жогорку Кеңеште жана өкмөттө олуттуу өзгөрүүлөрдү жасашыбыз зарыл. Күн тартиби өзгөрүп жатат. Эгер мурда биз саясий абалды жылдырган, туруктуулукту сактаган жана авторитаризмди жок кылууга багытталган партия болсок, азыр биз өнүгүүнүн жана үмүттүн партиясы болушубуз керек.

Жогорку Кеңештин төрагасы ​"бардык эле биздин талапкерлерге Турсунбеков жага бербейт, баарына Жээнбеков жага бербейт. Эми аларда жалпы багытты гана эмес, көбүрөөк колдогон талапкерин да тандап алганга мүмкүнчүлүк бар" деп айтты.

Залда отургандардын айрымдары Турсунбековдун сөзүн бөлүүгө бир нече жолу аракет жасаганда, саясатчы партиянын чечимине каршы чыккандар болбошу керек деген талап коюлганын түшүнөөрүн билдирди.

"Эки талапкер болбойт"

Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов Турсунбековдун айткандарын комментарийлеп жатып, партия бир гана талапкерди сүрөөнгө аларын, КСДПнын чечимдерин кимде ким аткарбаса, ага партияда орун жок экенин айтты.

- Съезддин чечими чыккандан кийин аны КСДПнын ар бир мүчөсү аткарышы керек. Буга баары милдеттүү экени уставда жазылган. Ким аткарбаса, ага партияда орун жок. Ал же партиядан чыгарылат, же өзү чыгат. Эки талапкер болбойт. Бирөө эле. Ал - Сооронбай Жээнбеков.

Курултайга буга чейин партиянын жаштар канатынын төрагасы катары ар кандай иш-чараларда сүйлөп жүргөн Ренат Самудинов кире албай калды. Жаш активист муну партиянын иштерин сындап, талапкерди партиянын ичинде шайлоо аркылуу тандоо талаптарын айтып келгени менен байланыштырып жатат.

- Мен партиянын Бишкектеги Октябрь райондук жана шаардык жыйындарында делегат болуп шайлангам. Партиянын ичинде праймериз системасын киргизүү, депутат, президент отчет берип турсун, Орусиянын жараны партиянын ишине кийлигишпесин деген талап койгонбуз. Василивецкий деген саясий технолог ФСБнын кызматкери болуп калышы мүмкүн, башка өлкөнүн жарандарын эмнеге киргизип жатасыңар деп маселе көтөрүп чыкканбыз. Ошого жооп кылып мени курултайга киргизбей коюшту.

Ниязов болсо Самудинов делегаттардын тизмесинде жок болгону үчүн курултайга киргизилбегенин журналисттерге түшүндүрдү.

Социал-демократтар партиясынын курултайынын талапкерди көрсөткөн чечими Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. БШК Жээнбековдун талапкерлигин расмий каттаган күндөн тартып өкмөт башчы кызматын тапшырып, же убактылуу токтотушу керек.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. БШКга президенттикке талапкерлигин коюуга арыз бергендердин саны 26га жетти. Алардын төртөөнү саясий партиялар, 22 адам өзүн өзү көрсөткөндөр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG