Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:47

Атамбаев жол кырсыктарын азайтуу маселесин көтөрдү


Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында жол коопсуздугу жана анын кесепеттерине арналган маселе көтөрүлдү. Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы жыйын бүгүн "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчысы соңку кездери жол кырсыгы көбөйүп, балдардын да өмүрү кыйылып жаткан учурларды мисалга тартты. Атамбаев маселеге олуттуу көңүл бурууга чакырып, жол коопсуздугун жөнгө салууга каражат табуу зарылдыгын, арак ичип унаа башкаргандарды жазалоону күчөтүү керектигин белгиледи.

Жыйын катышуучулары айдоочулукка окуткан мектептердин ишмердигин текшерип, жөнгө салууну сунушташты.

Кыргызстанда бир жылда жол кырсыгынан өлгөндөр миңден ашып жатканы расмий маалымдалган.

Расмий маалыматтарга караганда, 2016-жылы Кыргызстанда 6 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 900дөн ашуун адам каза тапкан. Тогуз миңге жакыны ар кандай деңгээлде жаракат алган.

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG