Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Текебаев - Чотонов соту: Сариев көрсөтмө берүүдө


Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу ишти кароону улантууда. Бүгүн адвокаттар өздөрүнүн башка процесстерине байланыштуу соттун графигин өзгөртүүнү өтүнүштү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Ушул тапта күбө катары Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев көрсөтмө берүүдө. Ал 2010-жылы 13-майда кырдаал курч болгонун, элдик көзөмөлдү күчөтүү керек болгонун айтты. Ошол күнү чукул жыйын чакырылып, Текебаев жыйынга катышканын жана кырдаалды жөнгө салууга 2 млн доллар бөлүү боюнча талаш жаралганын белгиледи.

Буга чейин Текебаев-Чотонов сотунда экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев баштаган бир катар саясатчылар күбө катары көрсөтмө берген.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG