Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Элмира Ибраимова бүгүн Текебаев-Чотонов сотунда күбө катары суралды. Ал бардык маселелер коллегиялдуу чечилип, бирок ар бири өзүнө бөлүнгөн тармакты көзөмөлдөп келгенин айтты. Ибраимова экономикалык тармак Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө болгонун, 2010-жылдын 13-майындагы өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу жана ага каражат бөлүүнү талкуулаган жыйынга Атамбаевдин катышпаганын белгиледи. Ал күнкү жыйын саат 2ден 6га чейин уланган.
- Ал өзүнүн милдеттерине абдан кылдаттык менен мамиле кылчу. Бирөөнүн кийлигишүүсүн жактырчу эмес.
Адвокаттын суроолоруна жооп берип жатып Ибраимова, “Мегаком” боюнча Атамбаев жооптуу болгонун, Леонид Маевский көрсөткөн иш бөлмө Текебаевдики эмес экенин айтты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу ишти карап жатат. Ушул эле күнү Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Темир Сариев көрсөтмө берди.
Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Бирок ал “Мегаком” акцияларына ээ болбой калып, берген акчасын кайтара албай Текебаевге алданып калганын айтып, быйыл февраль айында өлкөнүн күч органдарына арыз жазган.(КЕ/ZKo)