Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

"Йакын инкар" агымынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды


Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү
Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү

Кыргызстанда ислам динин жайылтуу үчүн даават кылган "Йакын инкар" агымынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 15-июнда кабыл алганын Жогорку Соттун маалымат кызматы бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, Башкы прокуратура "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп табууну жана бардык булактардан үгүттөө иштерине бөгөт коюуну өтүнүп, июнь айынын башында сотко кайрылган.

Айрым диний уюмдар бул чечим туура эмес болгонун айтып, шаардык сотко арызданышууда. Кийим кечесине, тазалыгына көңүл бурбай, эл кыдырган агымды кармангандарга муфтият буга чейин даваат кылууга тыюу салган эле.

"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп саналат. Алар балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбош керек деген сыяктуу кескин багыттарды карманып келишкени менен белгилүү.

Өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү бир-эки жыл мурда алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган.

Ал эми Кыргызстандын муфтияты тышкы келбетин тыкан алып жүрбөйт, үй-бүлө мүчөлөрү уруксат берген тил катты алып келишпейт деген негиз менен аларга дааватка чыгууга уруксат бербей келген. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG