Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

"Ата Журт": бир партиядан эки талапкер


Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев
Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев

“Ата Журт” партиясы президенттикке талапкер катары тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду удаа көрсөттү.

Партия эки талапкерди бир орунга көрсөтүп жатканы партиялаштары тарабынан жылуу кабыл алынганы менен саясатчылар арасында түшүнбөстүктү жаратты. Анткен менен бул кадамдын артында тактикалык жүрүш жатканын партия лидерлери жашырышкан жок.

Келдибеков: Конституция мага жол берет

Бишкектеги Улуттук филармонияга таң эрте чогула баштаган “Ата Журт” партиясынын курултайынын делегаттары күн тартибинде бир гана маселени бекитүү үчүн жер-жерлерден келишти. Бирок партия бир учурда эки лидерди президенттикке талапкер катары көрсөтүүсү бардыгына текши маалым эмес болчу.

Дароо эле сөз алган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова делегаттарды кеңештин чечими менен тааныштырып, “Ата Журт” эки талапкерди жылдырарын отургандарга кабарлады.

Курултай катышуучулары
Курултай катышуучулары

Президенттик шайлоого катышууга толук укугум бар экенин айткан Акматбек Келдибеков БШК аны талапкер катары каттабаса мыйзам бузгандык болот деди.

- Адилет сот системасын түзмөйүн биздин демократиялык баалуулуктар тууралуу сөз кылганга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Бул Конституция боюнча Кыргызстандын жараны катары менин да президенттик шайлоого катышууга толук укугум бар. 62-беренеде бул эреже жазылып турат.

"Ата Журт" эки талапкерди көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Өз сөзүндө адам укугуна көбүрөөк токтогон экинчи талапкер Камчыбек Ташиев өлкөдө жүрөк оорусунун көрсөткүчү болуп көрбөгөндөй чекке жетип, СПИД менен күрөштө Кыргызстан акыркы беш мамлекеттин катарына кирип калганын айтты.

"Партия мүчөлөрү буга чейин куугунтукка кабылып, соттолуп, алданганын" кошумчалаган Ташиев чоң жеңишке кезек келгенин белгилейт.

- Алгач бизди тоготушкан жок, кийин шылдыңдап күлгөн учурлар да болду. Андан соң аябастан биз менен күрөшүштү. Эми, урматтуу партиялаштар, жеңип чыга турган учур келди.

Анткен менен “Ата Журттун” курултайы эки талапкерди көрсөткөнүн колдобогондор да болду. Жыйынга конок катары чакырылган саясатчы Азимбек Бекназаров партия кеч боло электе бир гана талапкерди көрсөткөнү оң экенин айтат. Ал өзү дагы президенттик шайлоого катышам деп жатканы менен, бийликтин талапкерин жеңүүдө биригүүгө даяр экенин кыйытты.

- Силердин агаңар катары ачык айтайын. Али кеч эмес. Президенттик орун бирөө эле, экөөңөргө орун жок. Ойлонгула. Мейли, катталгыла, бирок аягына барып эл добуш бергенге чейин ойлонуш керек. Керек болсо бул жерде отурган бардык талапкерлер дагы ойлонушубуз керек.

Ташиев, Келдибековдун шайлоого катышуу дымагынын артында саясий тактикалык жүрүш бар экенин БШКнын мурдагы мүчөсү, саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Азаттыкка” айтат. Ал партиянын бул аракети алдыдагы кырдаалды алдын алып жатканын кошумчалайт.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

- Буга чейин Жогорку сот Акматбек Келдибековдун соттуулугу алына элек деген билдирүү тараткандан кийин БШК анын талапкерлигин каттабай коюшу мүмкүн. Ошондо “Ата Журт” партиясы бир дагы талапкери жок болуп калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, Келдибековдун арызы канааттандырылбаса, “Ата Журт” партиясы Ташиевдин талапкерлиги менен кала бериш үчүн Камчыбек Ташиев да көрсөтүлдү. Эгерде Келдибековду БШК каттап койсо, экөөнүн бирөө өз ыктыяры менен талапкерлигин алып коюшу мүмкүн.

БШКнын жообу, үчилтиктин тагдыры

Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Журт” партиясынын эки талапкерди жылдыруусунда мыйзам бузуучулукту көрө алган жок. БШКнын маалымдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Бакытбек Жумагулов “Азаттыкка” маалымдагандай, Конституцияда партия бир гана талапкерди президенттик жарышка көрсөтүшү керек деген норма каралган эмес. Ошол эле учурда БШК талапкерлердин дароо эле каттала калбасын да айтууда.

- Алар президенттикке талапкерди партиянын ички уставы аркылуу көрсөтүп жатышат. Эгер “Ата Журт” партиясынын уставы эки талапкерди бир учурда көрсөтүүгө жол берсе, мыйзам бузуу болбойт. Бирок биздин жумушчу топ эки талапкер каталар-катталбасын партиянын уставы биздин колго документтер менен чогуу келгенден кийин гана карап көргөндөн кийин айтат.

14-июлда БШКга “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттикке талапкер катары көрсөтүү боюнча арыз берген. Ошону менен Мадумаров, Ташиев, Келдибеков үчилтиги өз жолдору менен шайлоого барары маалым болду.

Анткен менен Камчыбек Ташиев үчилтиктин макулдашуусу дагы деле күчүндө экенин айтып, шайлоого чукул үчөөнүн бирөө гана талапкер катары каларын курултай бүткөн соң журналисттерге айтты.

- Биздин кабыл алган саясий тактикабызга жараша эми добуш бергенге чейин үчөөбүздүн арасынан бир эле талапкер калат го деген үмүттөбүз.

Ташиевдин бул айткандарын Акматбек Келдибеков да кубаттап, "аягына" келгенде бир талапкер каларын тастыктайт. Бирок ал "аяк" кайсы жерден башталары азырынча белгисиз.

Буга чейин Жогорку Сот Акматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда гана алынарын кабарлаган. Мындай учурда ал шайлоого катыша албай калышы толук мүмкүн. Себеби мыйзамдарга ылайык, соттолгон жаран толук акталмайынча шайлоого катыша албайт. Бирок БШК бул боюнча жоопту Келдибековдун президенттикке талапкер катары каттоо арызы жана документтери келгенден кийин гана айтарын билдирди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип, 30 киши арызын тапшырды. Башка дагы арыз жазууга ниеттенгендер жок эмес. Талапкерлерди расмий каттоо 1-августка чейин жүрөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG