Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:59

Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын алгачкы тизмесин 5-авсгустта берет. Мындан кийин ал тизмени БШК аймактык шайлоо участокторуна илиши керек.

Өзүн тизмеден таппай калган шайлоочулар алдын ала тиешелүү кызматтарга маалымат бериши зарыл. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында аталган кызматтын башчысы Дастан Догоев билдирди. Анын айтымында, шайлоого 20 күн калганда шайлоочулардын толукталган, такталган тизмеси кайрадан берилүүсү керек. Мыйзамга ылайык, шайлоого 10 күн калганда акыркы тизмелер илинип калышы керек. Андан кийин тизмени оңдоого болбойт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин буга чейин билдиргени боюнча, биометрикалык маалыматтарды тапшырган 2 млн 954 миң 547 шайлоочу бар. Алардын ичинен 26 миң 33 жаран каза болгондугуна жана 2964 жаран башка өлкөнүн жарандыгын алгандыгына байланыштуу тизмеден чыгарылган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда 30 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын ичинен бешөөнү партия көрсөтсө, калганы өзүн өзү көрсөткөндөр. (КЕ/SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG