АКШнын мамлекеттик департаменти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинадагы орусиячыл жикчилдердин "Малороссия" тууралуу 18-июлда жасаган билдирүүсү боюнча тынчсыздануусун билдиришти.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт "Донецкидеги жикчилердин "Малороссия" деген аймак түзүшкөнү тууралуу билдирүүсү биз үчүн көйгөй жаратат" деп билдирди.
Ушундай эле тынчсыздануусун Австриянын тышкы иштер министри, ЕККУнун азыркы төрагасы Себастиан Курц да айтты.
Курц ошондой эле бардык тараптарды "Украинанын көз карандысыздыгына жана бүтүндүгүнө шек келтирип, "Минск келишиминин ишке ашуусуна тоскоол боло турган" билдирүүлөрдөн жана аракеттерден карманууну эскертти.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жикчилердин лидери Александр Захарченконун билдирүүсү тууралуу маалымат каражаттарынан окушканын жана Москва Минск келишимин сактоого дилгир экенин билдирди.
Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында башталган жаңжал 10 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.