Америкалык сенатор Жон Маккейндин башынан өткөн аптада залалдуу шишик алынды. Бул тууралуу аны караган дарыгерлер шаршембиде маалымдашты.
80 жаштагы Жон Маккейндин операциясы ийгиликтүү өтүп, эртеси күнү ооруканадан чыгарылганы, азыр үйүндө экени кабарланды.
Статистика боюнча, мындай операция жасалган бейтаптар орто эсеп менен 14 ай жашайт. Жон Маккейн буга чейин меланоманы алуу боюнча үч операцияны баштан өткөргөн. Акыркы жолу ага 2002-жылы "тери рагы" диагнозу коюлган. Ошондон бери сенатор тынымсыз текшерүүдөн өтүп турган.
Маккейн Вьетнам согушунун ардагери. 2008-жылы Республикалык партиядан президенттикке талапкер болгон жана АКШдагы эң таасирдүү, белдүү мыйзам чыгаруучулардын бири. Ал сенатта куралдуу күчтөр боюнча комитетти жетектейт, Орусия президенти Владимир Путинди кескин сындап жүрөт, Кремлге каршы катуу чаралардын колдонулушун кубаттайт.