Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Президент А.Атамбаев латын арибине өтүүнү туура көрбөйт


20-июлда Бишкекте "Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү тектеш элдер" деп аталган эл аралык форум башталды.

"Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер" эл аралык илимий шеринесине Орусиянын курамындагы Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Башкырстандын лидери Рустем Хамитов, Саха жумуриятынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков баштаган мамлекеттик ишмерлер, көрүнүктүү этнограф, антрополог, тарыхчы окумуштуулар катышты.

Евразиядагы Алтай тектүү элдердин этностук, тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган форум Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен "Мурас" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Алтай цивилизациясына арналган эл аралык шеринени Бишкекте анын демилгечиси, президент Алмазбек Атамбаев ачты. Президент өз сөзүндө түрдүү диндерди тутунган тектеш алтай элдердин кызматташтыгын арттырса Евразия континентиндеги бардык элдердин ортосундагы достук менен ынтымакты бекемдөөгө шарт түзөт деп билдирди.

"Мама тил, папа мекен"

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Президент Атамбаев форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө латын арибине өтүү ниетине каршылыгын билдирип, бул Орусия жана анын алкагында тектеш элдер менен мамилеге да терс таасирин тийгизет дейт:

- Латын ариби Африканын айрым өлкөлөрүн жакырчылыктын чеңгээлинен сууруп чыктыбы? Кытай, Жапония деле өз жолу менен өнүгүп жатат. Латын арибине өтүү жалпы түрк тилдүү элдердин орток тилге өтүүсүнө шарт түзөт деген жүйөлөр да суу кечпейт. Бул ишке ашпаган идея. Ачыгын айтайын, түрк тили 19-кылымдан бери эле Алтайдагы бабаларыбыздын тилине окшошпой калган. Эмне үчүн Орусиядагы тамырыбыз бир татар, башкыр, хакас элдерин эске албайбыз? Алар шартка байланыштуу кириллицадан баш тарта алышпайт да. Алар биздин бир туугандык колдообузга муктаж болуп турат. Көз карандысыз түрк тилдүү мамлекеттер латынга өтүп кетсе, арабызда ажырым пайда болуп, ортобузду алыстатат.

Латын арибине өтүү-өтпөө маселеси Кыргызстандын илимий чөйрөсүндө көп талкууланып келаткан темалардын бири. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин латын арибине өтүүнү тездетүү демилгеси бул идеяны жактаган кыргызстандыктарды шыктандырган болчу.

Латын арибине өтүүнү колдогондордун бири, жаш саясатчы Сейтек Качкынбаев президенттин форумда сүйлөгөн сөзүн төмөнкүдөй баалады:

- Бул жерде Орусиянын көзүн карап чочулап жатпайбы. Себеби Атамбаев "президент болсом Американын базасын чыгарам, Бажы биримдигине кирем" деген. Экономикалык жактан бизге пайда гана болот. Анан каяктан жүрүп бизге кыйынчылык болот?

Мындан тышкары президент Атамбаев форумдун ачылышында тектеш элдердин тарыхый, илимий жана маданий алакасын бекемдөө максатында Бишкекте “Алтай изилдөө” институтун, Алтайда "Алтай цивилизациясы" тарыхый маданий борборун ачуу, Кыргызстанда кийинки жылы өткөрүлчү Көчмөндөр оюну маалында кезектеги эл аралык форум өткөрүү сунушун киргизди.

Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында башталган форумга 12 өлкөдөн, 20дан ашуун элдин өкүлдөрү, тарыхчы, филолог, антрополог, этнолог, лингвист жана фольклорду изилдөөчүлөр катышууда.

Форум 21-23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында уланып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынат. Форумдун алкагында "Алтай көчмөндөрү" көргөзмөсү өтөт жана Энесай кыргыздарынын жана Кыргыз каганатынын музейи ачылат деп болжолдонууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG