Казакстандын Актөбө шаарында ала качууга катышты деген айып менен эки жергиликтүү тургун түрмөгө кесилди. 21 жаштагы Санат Умирзак адам уурдоо беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4,5 жылга эркинен ажыратылды. Ага жардам берди деп айыпталган Алдаберген Жумажанов беш жыл абак жазасын алды. Жумажанов буга чейин башка иш боюнча соттолгон болчу.
"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, окуя 14-июнда шаардык базарда болгон. Жабырлануучу кыз базардын коопсуздук кызматкерлеринин жардамы менен кутулуп кеткен. Соттун материалдарына ылайык, Умирзак менен Жумажанов кызды Хромтау шаарына алып кетишмек.
Өкүмгө ылайык, соттолуучулар өз жазаларын жалпы тартиптеги абакта өтөшөт.