Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:15

Барскоондо өрүк фестивалы өтөт


Бүгүн, 22-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында өрүк фестивалы өтөт. “Өрүк Fest 2017” деп аталган иш-чара жергиликтүү бийликтин демилеси менен уюштурулуп, дыйкандардын эмгегин даңазалоону максат кылат.

Фестивалда: жармаңке, мастер-класстар, оюндар, көргөзмөлөр жана конкурстар уюштурулат. Эки күнгө созулган иш-чараны “Өрүк өмүргө шерик” конкурсу жана эстрада жылдыздарынын ырлары коштойт. Өрүк фестивалын өткөрүү жакынкы жылдардан бери салтуу иш-чарага айланды.(UEz)
 

 

XS
SM
MD
LG