Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:49

Президент Атамбаев Чолпон-Атада маалымат жыйын курат


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. 2017.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 24-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында журналисттер үчүн маалымат жыйын курат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов “Азаттыкка” билдирди.

Анын ырасташынча, президенттин салтка айланган маалымат жыйыны быйыл 3-ирет Чолпон-Атадагы резиденцияда өтөт. Ага жергиликтүү журналисттер жана саясат талдоочулар чакырылган.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү үстүбүздөгү жылы 1-декабрда аяктайт. Мындан улам кезектеги президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG