Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Израилдин Аммандагы элчилигине кол салуудан бир киши өлтүрүлдү


Израилдин Иорданиядагы элчилигине жекшембидеги кол салуудан дагы эки адам жаракат алды. Амман полициясынын маалыматы боюнча, кол салуудан мурун элчиликтин конуш жайына мебел фирмасынын формасын кийген эки адам кирген. Алардын бири атып өлтүрүлгөн. Экинчиси жана бир израилдик жаран жаракат алган. Экөө тең ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча элчиликтин кызматкерлери коопсуз жакка көчүрүлүүдө. Бул окуя боюнча Израил бийликтери эч кандай комментарий берише элек.

21-июлда Амманда Иерусалимдеги Храм тоосуна киргизилген чектөөлөргө каршы миңден ашуун киши жүрүшкө чыккан.

XS
SM
MD
LG