Принтер
“Ата Журт” партиясы президенттикке талапкер катары тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду удаа көрсөттү. Партия эки талапкерди бир орунга көрсөтүп жатканы партиялаштары тарабынан жылуу кабыл алынганы менен саясатчылар арасында түшүнбөстүктү жаратты. Анткен менен бул кадамдын артында тактикалык жүрүш жатканын партия лидерлери жашырышкан жок.