Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Аммандагы Израилдин элчилигине жасалган чабуулдан эки киши мерт болду


Аммандагы Израилдин элчилигине чабуул жекшембиде жасалган.
Аммандагы Израилдин элчилигине чабуул жекшембиде жасалган.

Иорданиянын баш калаасы Аммандагы Израилдин элчилигине жекшемби күнү куралдуу чабуул жасалып, эки киши набыт болду. Полициянын маалыматына ылайык, бир адам жеринен жан берсе, экинчиси алган жараатынан ооруканада көз жумган.

Атышуунун алдында элчиликтин имаратына жергиликтүү эмерек чыгарган фирманын эки өкүлү киргени маалым болду. Израилдин бийликтери азырынча бул боюнча комментарий берише элек.

1994-жылы Тынчтык келишимине кол койгон эки мамлекет ортосунда чыңалуу бир апта мурда башталган.

Буга чейин Иордания Израилди ыйык Храм тоосундагы коопсуздук системасын кайра карап көрүүгө жана Аль-Акса мечитинин алдындагы текшерүү системасын алууга чакырган. Бул тоого мусулмандар да, жөөттөр да зыярат кылышат.

XS
SM
MD
LG