Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:31

Пакистандагы жардырууда 14 киши набыт болду


Лахордогу жардырууда жарадар болгондордун саны жыйырмадан ашты.

Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарындагы жардырууда кеминде 14 киши набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти. Калаба 24-июлда Пенжаб провинциясынын борбору Лахордо киши көп өткөн жолдордун биринде болгон.

Пенжабдын куткаруу башкармалыгынын башчысы Жем Сажжад Хусейн ДПА агенттигине берген комментарийинде 20га чукул киши жарадар болгонун айтты.

Пакистандын ички иштер министри Чодри Низар Али Хан курман болгондордун көбү полиция кызматкерлери экенин белгиледи. Азырынча бул террордук актпы же жокпу белгисиз.

Лахордо буга чейин да ар кандай экстремисттик топтор тарабынан кандуу чабуулдар уюштурулуп келген.

XS
SM
MD
LG