Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Текебаев мамлекеттик тил боюнча сынакты экинчи болуп тапшырууга тийиш


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Мамлекеттик тил комиссиясы "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак берүү мөөнөтүн 26-июлга белгиледи. Бул боюнча Текебаевге билдирүү келгенин аталган партиянын юристи Канатбек Азиз "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик тил комиссиясы менен БШК Текебаевдин абакта экенин эске албай, сынакты чукул убакытка койду. Муну менен Текебаевди президенттик жарыштан четтетүү аракети көрүлүп жатат деп кошумчалады Канатбек Азиз:

- Мамлекеттик тил комиссиясынан 26-июлда Текебаев сөзсүз сынакка келсин деп чалышты. Анан биз аларга Текебаев камакта болсо кантип барат же силер УКМКдан анын келишин камсыздоону сурабасаңар, БШК аракет кылбаса деп сурадык. Алар бул өз көйгөйүңөр деди. Эреже боюнча, ооруп калса же башка жүйөөлүү себептер болсо гана сынакты башка күнгө которууга болот экен. Камактагы учур жүйөлүү себеп деп саналбайт.

Ал эми БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов кыргыз тилинен сынак тапшыргандардын ирээти президенттик жарышка ат салышуу боюнча берилген арыздардын мөөнөтүнө жараша коюлганын айтууда. Анын билдиришинче, белгиленген убакытта сынакка келе албай калгандар Мамлекеттик тил комиссиясына кайрылып, кийинчерээк тесттен өтсө болот.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын санаалашы, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат.

Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.

"Ата Мекен" партиясынын лидери абакта экенине карабай президенттикке талапкерлигин койгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG