Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:29

Азербайжанда акча уурдады делген хакерлер тобу кармалды


Азербайжандын Борбордук банкы

Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы банктардан миллиондогон долларды уурдады деп шектелген эл аралык хакерлер тобунун мүчөлөрүн кармаганын билдирди. 25-июлда жарыяланган расмий билдирүүгө ылайык, бул топ Азербайжандагы бир банктын компьютердик системасын бузуп кирип, 2 миллион долларды чыгарып кетишкен. Ал хакерлер мурдагы советтик республикаларда да дал ушундай иш менен алек болушкан.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөрдүн бири Данила Дорин Испаниянын Барселона шаарынан кармалып, 23-июлда Азербайжанга экстрадицияланган. Дорин кайсы өлкөнүн жараны экени ачык айтылган жок. Хакердик топтун мүчөлөрү делген адамдардын тек-жайы да белгисиз.

XS
SM
MD
LG