Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Вучич: Сербия Косово менен маселесин чечиши керек


Серб президенти Александр Вучич
Серб президенти Александр Вучич

Президент Александр Вучич Сербия мурдагы провинциясы Косово менен пикир келишпестиктерин чечүүгө милдеттүү экенин билдирди. Ал Blic гезитине курган маегинде бүтүндөй чөлкөмгө пайда келтире турган туруктуу чечим табуу үчүн чогуу иштөө зарылдыгын айтты.

"Жоопту чогуу тапканыбыз буга чейин болуп көрбөгөндөй маанилүү. Ал жооп туруктуу болушу керек",-деди Вучич.

Буга чейин серб президенти өлкөнүн Косово менен келечектеги алакасын аныктоо үчүн эл аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаган.

Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Анын эгемендигин дүйнөнүн 114 өлкөсү тааныганы менен расмий Белград таануудан баш тарткан.

Калкынын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн Косового Батыш өлкөлөрү колдоо көрсөтөт. Сербия болсо Орусиянын өнөктөшү катары саналат. Бирок Александр Вучич Москва, Европа биримдиги жана АКШ менен алакасын тең салмактоо аракетин көрүп келет.

XS
SM
MD
LG