Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:39

Ооганстанда жарым жылда 10 журналист киши колдуу болду


Ооганстандагы Сахар радиосунун студиясы.

Ооганстанда 2017-жылдын биринчи жарымында кеминде 10 журналист киши колдуу болду. Ооган журналисттеринин коопсуздугу боюнча көз карандысыз комитет 25-июлдагы баяндамасында билдиргендей, бул сан өткөн жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 35 пайызга көп.

Маалыматка ылайык, Ооганстандагы маалымат каражаттарына чабуулдун артында көбүнесе талиптер жана "Ислам мамлекети" радикал тобу турат. Ошол эле учурда коопсуздук кызматкерлеринен да запкы жеген журналисттер болгон.

Жарым жылда баш-аягы 73 журналист ыдык көргөн. Алардын 19 сабалып, 12си олуттуу жаракат алышкан. 2016-жылы болсо Ооганстандагы 13 медиа кызматкер жоочулардын колунан мерт болгон.

XS
SM
MD
LG