Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:49

Өзөктүк келишим бузулса Трамп Иранга "көйгөй" жаратарын эскертти


Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 25-июлдун кечинде жасаган билдирүүсүндө Иранга дүйнөлүк державалар менен макулдашылган ядролук программа боюнча келишимди сактоону дагы бир ирет эскертти.

Огайо штатындагы өзүнүн тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып Трамп Тегеран боюнча дагы эле сак экенин билдирди.

- Эгер келишим тиешелүү түрдө сакталбаса, алар чоң көйгөйгө туш болушат. Мага ишенип койгула.

Ал эми Wall Street Journal америкалык басылмасына курган маегинде Трамп жакынкы айларда боло турган текшерүүнүн жыйынтыгында Иран макулдашуудагы шарттарды сактап жатканы аныкталса ал үчүн таң калыштуу болорун айтты. Маек гезиттин 25-июлда жарык көргөн санына чыкты.

Эки жыл мурда Иран АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия менен түзгөн келишимге ылайык өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Ага жооп катары Тегеранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG