Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Жемкорлукка айыпталган айыл өкмөт башчысы жана жер адиси иштен кетти


Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Мээрбек Орозбаев менен ушул эле айылдын жер адиси Таалай Мамадияров кызматтан кетти. Айыл өкмөттөн билдиришкендей, алар өз эрки менен иштен кетүү тууралуу арызын жазышкан. Буга чейин Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Тилек Өскөнбаев айыл өкмөт башчысы менен жер адиси убактылуу пайдаланууга бериле турган жерлерди бөлүштүрүүдө "мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган, бирок укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй жатат" деп аларды жемкорлукка айыптаган.

Бирок айыл өкмөт башчысы Мээрбек Орозбаев депутаттын дооматтарын четке кагып, жерлер мыйзам чегинде бөлүштүрүлгөнүн айткан.

Бул окуя боюнча облустук прокуратуранын жетекчи орун басары Сүйүнбек Сатыбалдиев иш териштирилип жатканын билдирген болчу.

Ал эми айылдык кенештин депутаты Тилек Өскөнбаев анын айыптоосу боюнча тергөө бүгүн башталганын кошумчалады. (AlS)

XS
SM
MD
LG