Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Киев Донбасска электр энергиясын берүүнү токтотту


Донбассты мындан ары электр энергиясы менен жергиликтүү жана орусиялык электрстанциялар камсыздайт.
Донбассты мындан ары электр энергиясы менен жергиликтүү жана орусиялык электрстанциялар камсыздайт.

Украина бийликтери өлкө чыгышындагы орусиячыл козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Донбасс аймагына толугу менен электр энергиясын берүүнү токтотту. Бул тууралуу "Укрэнерго" ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Всеволод Ковальчук Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, өзүлөрүн "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактарды мындан ары электр энергиясы менен жергиликтүү жана орусиялык электрстанциялар камсыздайт.

"Луганск элдик республикасы" деп аталган аймакта электр энергиясы бир күн мурда өчүрүлгөн. Кремл Киевдин бул чечимин аймакты Украинадан бөлүү катары баалады. Москва дагы бир ирет украин бийликтерин Минск келишимдерин бузуп жатканына айыптады.

XS
SM
MD
LG