Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Жалал-Абадда кара куурайды өрттөп жатышат


Облус аймагында 24-июлдан тарта “Кара куурай” операциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, операция 30-июлга чейин уланат. Учурда талаада өскөн жапайы кара куурайларды жок кылуу иши Таш-Көмүр, Ноокен, Кара-Көл аймактарында аяктап жатат. Ага ички иштер кызматкерлери менен катар элдик кошуундар тартылган.

Алар талаадагы өсүмдүктөрдү оруп, өрттөп жатышат.

Облуста кара куурай эң көп өскөн аймак болуп Токтогул району эсептелет. Райондо жылына 600 гектар аянттагы кара куурай жок кылынат. (RsK)

XS
SM
MD
LG