Өзбекстанда атайын тизмеге катталгандардын ичинен 4 152 киши чыгарылды. Чечим алар менен имамдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынганын өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы билдирген.
Башкармалык "кара тизмеден" чыгаруу максатындагы тарбиялык иштер президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жүргүзүлгөнүн, иш-чара уланып жатканын белгилейт.
Маалыматка караганда, сүйлөшүү учурунда динчил адамдын экстремисттик топторго тиешеси жоктугу, тизмеге жаңылыш кирип калганы аныкталса же тыюу салынган топтордун катарында жүрүп, кийин андан баш тартса "кара тизмеден" чыгарылат.
Акыркы жылдары Өзбекстанда миңдеген адамдар тыюу салынган диний-экстремисттик топторго катышы бар делип атайын тизмеге киргизилген. Ал тизмени Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратура түзгөн.