Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Киевде Саакашвилинин тарапташтарынын акциясы өттү


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Украина борбору Киевде 27-июлда Михаил Саакашвилинин "Жаңы күчтөр кыймылы" уюштурган акция өттү. Ага 400 чамалуу киши катышканын "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.

26-июлда украин президенти Петр Порошенко Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. "Жаңы күчтөрдүн кыймылы" муну "бийлик беткабын таптакыр чечип ыргытты" деп мүнөздөдү. Ал эми Майдан аянтына Саакашвилини гана колдоо үчүн эмес, өлкө жетекчилигинин жарандардын укугуна көңүлкош мамилесине каршы өз ойлорун айтуу үчүн чыгышканын билдиришти.

Саакашвили 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. Ал 2015-жылдын майында украин жарандыгын алып, дароо Одесса облусуна губернаторлукка дайындалган. 2016-жылдын аягында бул кызматын тапшырган. Аны Саакашвили аймактагы коррупция менен күрөшүү мүмкүн болбой калганы, анткени аны президент өзү колдоору менен түшүндүргөн.

Саакашвилини жарандыктан чыгаруу ал жарандыкка арыз тапшырган учурда жалган маалыматтарды тапшырганына байланыштуу деп мүнөздөлдү. Учурда АКШда жүргөн саясатчы жарандыгы үчүн күрөшөрүн билдирип чыкты.

XS
SM
MD
LG