Тажикстанда 125 имам интернетке кирип, социалдык түйүндөрдү колдонгонду үйрөнүп жатышат. Алар үчүн атайын окутууларды өлкө бийлиги Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) менен биргеликте уюштурган.
Окутуулардын жүрүшүндө имамдарга Фейсбук жана Одноклассники түйүндөрүндө баракчаларды ачып, интернет аркылуу диний экстремисттик идеяларды жайылткандарга каршы туруу кеңеши берилди.
Уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Лола Олимова окутуулар өлкөнүн беш аймагында өткөрүлүп, аларга көбүнчө жаш имамдар тартылганын маалымдады.
Тажикстан бийлиги жаштар арасындагы радикалдашууга тынчсыздануу билдирип келет. Бийлик өкүлдөрү буга чейин бир канча жолу Фейсбук жана Одноклассники социалдык түйүндөрүн экстремисттик идеяларды жайылтат деп айыптаган.