Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:49

Орусияда Санкт-Петербург шаарындагы жазгы жардырууну уюштурууга шектелген Борбор Азия аймагынан чыккан жети адам кармалды. Бул тууралуу Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 28-июлда билдирди. Бирок "иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн" деген жүйө менен кармалгандардын аты-жөнү ачык белгиленген жок.

Орусиянын тартип коргоо органдары 15 адамдын өмүрүн алган 3-апрелдеги жардыруудан кийин баш-аягы он кишини кармаган. Тергөөчүлөр Кыргызстанда төрөлүп, орус жарандыгын алган Акрам жана Аброр Азимовдорду теракттын негизги уюштуруучулары катары көрсөтүп келет. Азимовдор кармалганга чейин ФСБнын жашыруун түрмөсүндө кыйноого кабылганын айтып жатышат.

Петербургдун бир нече станциясында дале күчөтүлгөн коопсуздук чаралары иштеп жатат. Текшерүүлөрдөн улам метродо узун кезектер пайда болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG