Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Кыргызстанда сарыкка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда сарык менен күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланды​. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Самат Тойматов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бир айлыктын жүрүшүндө бардык медицина мекемелеринде сарыктын түрлөрү, анын кесепеттери, алдын алуу жолдору тууралуу элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Сарыктын бир нече түрү бар. Анын “А” түрү менен көбүнчө жаш балдар ооруйт. Инфекция боорду жана башка органдарды жабыркатып, убагында дарылабаса кийинчэрээк илдеттин күчөп кетишине алып келет деп кошумчалады Тойматов.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 2,5 миңдей жаран сарыкка чалдыгат.

Дарыгерлер буга чейин соңку кезде Кыргызстанда боордун жугуштуу оорулары, анын өтө кооптуу формалары көбөйө баштаганын, жугуштуу ооруга чалдыккандардын 30% вирустук гепатит түзүп жатканын маалымдашкан. Дүйнөлүк масштабда сарык кургак учук, СПИД жана безгек сыяктуу кооптуу илдет деп аталган. Бүгүн сарыкка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү.

XS
SM
MD
LG