Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында жума намаздан кийин палестиналыктар менен Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. Бирок тирешүү күтүлгөндөн катуу болбогону кабарланды.
Эки жумага созулуп, кеминде сегиз адамдын өмүрүн алган чыңалуу жана кагылышуулардан кийин Израил мечит имаратына 50 жаштан жогору эркек кишилерге гана жана бардык жаштагы аялдарга кирүүгө уруксат берди.
14-июлда Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин аймагында куралчан адамдар эки полиция кызматкерин атып өлтүргөндөн кийин Израил коопсуздук чараларын күчөткөн. 21-июлда мечиттин айланасына металл аныктоочу жабдыктар орнотулган. Өткөн жумада көпчүлүк палестиналыктар ал жабдыктан өтүүдөн баш тартып, ыйык жайдын дарбазасынын алдында намаз окушкан.
Бул аптанын башында Израил өкмөтү мындай талаштуу текшерүү ыкмасын алып саларын билдирген.