Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:27

Шайлоо-2017: БШКга дагы бир жаран арыз тапшырды


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 61 жаштагы коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов президенттик кызматка ат салышуу үчүн арызын тапшырды. Ал өзүн өзү көрсөткөндөрдүн катарын толуктады.

Буга чейин 1960-жылы туулган, убактылуу иштебеген Темиркул Өмүралиев менен “Кыргызстандын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо” партиясынын лидери Акбаралы Айтикеев өзүн өзү көрсөтүү жолу менен арыз бергени белгилүү болгон.

29-июлга карата алдыдагы саясий жарышка аттануу ниетин билдирип, БШКга кайрылгандардын саны 49га жетти. Анын отуз сегизи өзүн өзү көрсөткөн, калганын саясий партиялар сунуштаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG