Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:11

Пакистандын жаңы премьер-министри Шахбаз Шариф болушу керек. Бул тууралуу өлкөнүн кызматтан кетирилген премьер-министри Наваз Шариф 29-июлда Исламабадда “Пакистан мусулман лигасы” партиясынын активисттери менен жолуккан учурда билдирди. Анын айтымында, парламенттин жаңы өкмөт башчыны дайындоосу 50 күндөй убакытты алат. Бул убакытта премьер-министрдин милдетин партиянын башчысы, мунай жана жаратылыш ресурстары боюнча министр Шахид Хакан Аббаси аткарат. Ал эми өзүнүн мураскери катары иниси, Пенжаб провинциясынын башкы министри Шахбас Шарифти атады. Ал өкмөт башчы болуш үчүн министрлик кызматын таштап, парламенттин төмөнкү палатасына депутат болушу керек.

Пакистандын Жогорку Соту 28-июлда премьер-министр Наваз Шарифти кызматтан кетүүгө буюрган чечимин чыгарган. Иликтөөчүлөр тобу Шарифтин үй-бүлөсү офшордук компанияларда миллиондогон доллардык байлыгын каткан деген бүтүмгө келишкен. Жогорку Соттун чечиминен көп өтпөй Наваз Шариф кызматын тапшырган.

Анын билдирүүсүн окуган басма сөз катчысы Шариф чечимди акыйкатсыз деп эсептерин билдирген.

Пакистанда 1947-жылдан бери бир дагы премьер-министр мөөнөтүнүн акырына чейин иштей элек. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG